USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Шекер, эт, өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгы алынбайт

09:02, 25 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан бошотуудан бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айтты.

Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, аларды чечүү жолдору талкууланды.

2021-жылы Кыргызстанда жана кошуна мамлекеттерде кургакчылык байкалууда. Айрым эксперттер азык-түлүк маселеси курчушу мүмкүн деп эскертүүдө. Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өсүп кетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика