17:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Артем Новиков: Азыктардын ички рыноктогу баасын турукташтыруу керек

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.

«Бир айдан бери биз күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок.

Артем Новиков ушул жумада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды.

«Бишкек шаарынын эки түйүнүндө, тактап айтканда, Токтоналиев көчөсүндөгү «Globus» жана Горький көчөсүндөгү «Фрунзе» соода тармагынын парк аймагында күнүмдүк керектелүүчү продуктулар дүң баа боюнча сатыкка коюлат. Белгиленген баалар орнотулат. Мисалга, уй эти 370-380 сомдон, он жумуртка 85 сомдон ашык эмес, өсүмдүк майынын баасы 108 сомдон 115 сомго чейин сатылат. Бааларды фиксациялоо үчүн ар бир облустун жетекчиси өндүрүүчүлөр менен продукцияны дүң баа боюнча сатууну камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү маанилүү. Оңдуу натыйжа берген учурда, мындай тематикалык павильондор ар бир региондо ачылат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү айыл чарба продукциясынын жарманкесинин өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл. Шаардыктар бул жарманкелерде товарлар кандай баа боюнча коюларын алдын-ала билиши керек. Буга катар облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө күндөлүк колдонуулуучу продуктуларды пайдалануусун талдоо жүргүзүү жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен биргеликте өндүрүүчү жана импортерлордон республиканын бардык аймактарына дүң баа боюнча түз жеткирүүлөрдү камсыздоосу тапшырылды», — деди Артем Новиков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин милдетин аткаруучу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги менен 400 миң тонна буудай ташып келүү боюнча Меморандум түзүү жана аны ишке ашыруу жана завод-өндүрүүчүлөрдөн түз жеткирүү үчүн меморандумду өсүмдүк майы жана башка продуктуларга жайылтуу маселесин иштеп чыгуусу;

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте күндөлүк колдонуучу продуктуларды ташууну камсыздоону мониторингдөө үчүн убактылуу пост уюштуруусу;

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө социалдык маанидеги товарларга күнүмдүк мониторинг жана талдоо жүргүзүп, өзгөрүүлөр орун алган учурда чара көрүүсү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымдоосу:

Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык павильондордо сатылуучу социалдык маанидеги товарлардын тизимине (май, жумуртка, ун, эт, анын ичинде куш эти) дүң баа боюнча киргизүүсү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар