16:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

АКШ элчилиги: Тажикстандагы аярлуу үй-бүлөлөрдү колдоого $13 млн бөлүнөт

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк программасы жана ЮНИСЕФ (БУУнун балдар фонду) Тажикстандагы аярлуу үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 13 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу АКШнын Душанбедеги элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, жардамдын алкагында 200 миңге жакын киши кайтарымсыз акчалай көмөк алат.

БУУнун Азык-түлүк программасынын Тажикстандагы өкүлү Адхам Мусаллам өлкө калкы уланып жаткан каатчылыктан жабыркап жатканын белгиледи. «Буга байланыштуу биз үчүн Тажикстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуулукту жогорулатуу боюнча иштерди улантуу өтө маанилүү», — деди Мусаллам.

АКШ элчилигинин сайтындагы маалыматка ылайык, ЮНИСЕФ балдардын жетишсиз тамактануусун алдын алуу жана мындай балдарды дарылоо боюнча негизги кызматтарды көрсөтөт. Мындан тышкары беш жашка чейинки курактагы 270 миң баланын, 240 миң кош бойлуу жана бала эмизип жаткан келиндин тамактануу боюнча кызматтарга жетүү мүмкүндүктөрүн кеңейтүү үчүн техникалык жардамдарды берет.

Эң көп окулган жаңылыктар