19:15
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Көчмөндөр оюндары. Ысык-Көл районунда ишембилик өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында Ысык-Көл районунун аймагын, борбордук жолдорун, суу жээгиндеги зоналарды тазалоо боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу аталган райондун акимчилигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, ишембилик райондун баардык аймагында өтөт. Анда Балыкчыдан тартып Семеновка капчыгайына чейин тазалоо иштери жүргүзүлөт. 

Экологиялык акцияга баардык каалоочулар катыша алышат.  Ишембилик 25-августа Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук администрациясынын алдында саат 9:00дө башталат. 

Эң көп окулган жаңылыктар