09:46
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Көчмөндөр оюндары. Дааратканалардын сүрөттөрү жарыяланды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кырчын жайлоосуна III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан дааратканалардын сүрөттөрүн жарыялады. 

Аталган агенттик буга чейин дааратканаларды жасап, аларды орнотуу иштерине жалпы 2 миллион 301 миң 700 сом коротула тургандыгын билдирген болчу.  5 орундуу контейнер тибиндеги бир даараткананын баасы 287 миң 718 сомду түзөт. Жалпысынан 8 даараткана коюла турганы маалым болду.

Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын дааратканалар салынат. Ошондой эле, жыгачтан жасалган 20 даараткана орнотулат. 

Эң көп окулган жаңылыктар