01:32
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

№ 30295 аскер бөлүгүндөгү окуя. Жоокер өзү күнөөлүү деп айтышууда

Майлуу-Сууда жайгашкан кургактагы аскерлердин № 30295 бөлүгүндө болгон окуя боюнча Башкы штаб түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, 19-августка караган түнү аскер кызматкери Руслан Сапарбаевди ток тарткан. Ал Бишкектеги ооруканага жиберилген. Натыйжада колун кесип салууга аргасыз болушкан.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, жабырлануучу кезмет өтөп жатып электрдик подстанциянын аймагына кирген. Тыюу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган.

Учурда жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын энеси Венера Сейталиеванын айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар