18:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Руслан Сапарбаевдин жактоочулары Коргоо иштери боюнча мамкомитетин сотко берди

Ток уруп 2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин жактоочулары Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетин сотко берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, Руслан Сапарбаев камсыздандыруу түрүндө миллион сом алышы керек. Бирок, мамлекеттик комитет дагы үй-бүлөсүнө материалдык чыгым төлөп бериши жана протез менен камсыздашы керек.

«Жоокердин үй-бүлөсүндө анча каражат жок. Башкы штаб Руслан Сапарбаевге кайрымдуулук взнос катары 2 миллион сомдон ашуун каражат котордук деп, жогорудагыларды сатып берүүдөн баш тартты», -деди Азиза Абдирасулова.

Эске салсак, августта жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колун кестирүүгө мажбур болгон.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, жабырлануучу кезмет өтөп жатып электрдик подстанциянын аймагына кирген. Тыюу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган. Анын энеси Венера Сейталиеванын айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар