12:35
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ошто токко урунган жоокер каза болду

Токко урунган жоокер каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 19:30да ефрейтор Ш.у. А. каза тапты. Эске салсак, машыгуу талаасынан кайтып келе жатканда токко урунган. Жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калды.

«Жабырлануучунун абалы оор деп бааланып, Ош облустук бириктирилген ооруканада жаткан», -деп айтылат маалыматта.

Мындай окуя алгачкы жолу болуп жаткан жок.

Эске салсак, жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колун кестирүүгө мажбур болгон.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, жабырлануучу кезмет өтөп жатып электрдик подстанциянын аймагына кирген. Тыюу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган. Анын энеси Венера Сейталиеванын айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар