08:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ток тартып каза болгон жоокерге компенсация берүү маселесин комиссия карайт

Ошто токко урунуп каза болгон жоокерге акчалай компенсация берүү маселесин комиссия карап чыгат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат.

«Аскер прокуратурасы өз корутундусун чыгаргандан кийин, каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү тууралуу маселе каралат», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Эске салсак, ефрейтор Ш.у. А. машыгуу талаасынан кайтып келе жатканда токко урунган. Жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума