07:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Саясий туткундар. Кайрадан ачкачылык жарыялашы мүмкүн экени айтылууда

Бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча соттолгон Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров азыркыга чейин Жогорку Соттун өкүмүнүн текстин алыша элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий туткундардын укуктарын коргоо боюнча комитеттин мүчөсү Зульфия Марат билдирди.

Анын айтымында, эгерде Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров документти колдоруна алышпаса, алар кайра ачкачылык жарыялашат.

«Соттук отурумдун болгонуна 2 ай болду, ал эми азыркыга чейин соттун чечими келе элек. Комиссия мүчөлөрүнө Жогорку Соттун өкүмү чыгарлыган документтери керек», — деди Зульфия Марат.

Эң көп окулган жаңылыктар