10:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сот Албек Ибраимовду УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырды

Жогорку соттун коллегиясы Албек Ибраимовду УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Бишкектин мурунку мэри тергөө аягына чыкканга чейин абакта болот.

Күнөөлүүнүн жактоочусу Сергей Слесарев Албек Ибраимовдун кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Бирок, Жогорку сот райондук жана шаардык соттордун чечимин колдоп, мурунку мэрдин жемкорлук беренеси боюнча айыпталып жатканы үчүн камакта калтырылышын эп көрдү.

Ал УКМКнын тергөө абагында 29-августка чейин кармалат.

Эң көп окулган жаңылыктар