USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

1-октябрдан тарта аскерлердин эмгек акысы жогорулайт

13:12, 24 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанат алкагында мамлекет башчысы өзгөчө ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу катары күжүрмөн туусун ИИМ ички аскердик бөлүктөрүнө тапшырды.

Садыр Жапаров Ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалады.

«Кандай гана милдеттер жүктөлбөсүн, сиздер жоопкерчилик менен так аткарууга даяр экениңиздерди убакыт айкын көрсөттү. Мындан ары дагы ички аскерлерибиз өлкөнүн бакубат келечеги үчүн, анын ичинде мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарат деп ишенимдүү айта алам», — деди мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө» токтомунун долбоору даярдалган. Ага ылайык 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылып каралган. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта аскер кызматчылардын өтөгөн кызматынын 1 жылы эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика