20:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгек акы боюнча рейтингде Кыргызстан акыркы орунду ээледи

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү, тактап айтканда Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиядагы эмгек акы боюнча статистиканы жарыялады.

ЕЭКтин маалыматтары боюнча, 2023-жылдын январь — сентябрында орточо айлык акы 2022-жылга салыштырмалуу биримдиктин бардык мамлекеттеринде көбөйгөн. Өсүштүн эң жогорку темпи Арменияда (113,4 пайыз), Кыргызстанда (110,7 пайыз) жана Беларуста (110,1 пайыз) катталды.

Ошол эле учурда Кыргызстан ЕАЭБдеги беш өлкөнүн ичинен айлык акы боюнча акыркы орунда турат.

ЕАЭБ мамлекеттеринин ушул жылдын январь — сентябрь айларындагы эмгек акы боюнча рейтинги:

  • Орусия — 857 доллар;
  • Казакстан- 774 доллар;
  • Армения- 676 доллар;
  • Беларус — 628 доллар;
  • Кыргызстан — 367 доллар.
Эң көп окулган жаңылыктар