USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

13:53, 11 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Тийиштүү токтомго премьер-министри кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, «Улуттук» статусуна, же «академиялык» наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20 пайызга көтөрүлдү.

Мурда өкмөттүн чечими менен «Улуттук» статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80 пайызга көтөрүлгөн.

Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50 пайызга жогорулатуу каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика