22:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Маска тагып, аралыкты сактабаган өкмөт. Соцтармак айып салууну талап кылат

Социалдык тармактарда өкмөттүн өкүлдөрү санитардык норманы сактабагандыгы үчүн катуу сынга алынды, алардын ичинде экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана кечээ эле анын ордуна шайланган Кубатбек Боронов дагы бар. Алар ыйгарым укукту өткөрүп берүү салтанатында бет кап кийбей, санитардык норманын негизинде аралыкты сакташкан эмес.

Өкмөттүн расмий баракчасына болуп өткөн иш-чаранын видео, сүрөттөрү жарыяланды. Анда парламенттик фракциялардын лидерлери катышкандыгы белгилүү болду. Ошондой эле алар аралыкты сактабай, көбүнүн бет кабы жок экени байкалат.

Мухаммедкалый Абылгазиевди узатып өкмөттүн аппарат кызматкерлери да чыгышкан. Өкмөттүн имаратынын алдынан чогуу сүрөткө түшүшкөн. Анда көрүнгөндөй бири-бирине жакын жана бет каптары жок. Бул сүрөт, видеолор соцтармагында катуу сынга алынып колдонуучулар бөлүшүп ар кандай сын-пикирлерди айтышууда.

Эске сала кетсек, Кубатбек Боронов баш болгон республикалык штаб күн сайын кыргызстандыктарга бет кап кийүүнү жана аралык тартибин сактоону катуу талап кылган. Аткаминерлер элди дайыма айып пул салуу менен коркутушат. Бул жолу министрлер агынан жарылып тартипти кантип бузуу керек экендигине үлгү болушууда. Мурунку жана азыркы премьер-министрлер бири-биринин бетинен өөп учурашкандары да видеодо ачык тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар