10:28
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Орусиялык ишкер Александр Гайдуков ооруканага жатуудан баш тартты

Жардыруудан жаракат алган Орусиялык ишкер Александр Гайдуков ооруканага жатуудан баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишкер жеңил жаракат алган.

Эске салсак, Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жардыруу болуп, жеке ишкер жаракат алган. 2016-жылы дагы кол салуу болуп, анда күнөөлүүлөр табылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар