11:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Ата Түрк» аэропорту 31-октябрда жабылат

Стамбулда миллиондогон жүргүнчүлөрдү кабыл алган «Ататүрк» аэропорту быйыл 31-октябрда жабылат. Ошол эле күнү шаардагы жаңы аэропорт ишке кирет. Алгачкы эл аралык каттам Азербайжанга жүргүзүлөөрү кабарланды.

Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун жалпы аянты 76,5 миллион чарчы метрди түзөт. Терминалдын аянты 1,6 миллион чарчы метр.

Шаарда ошондой эле Сабиха Гөкчен атындагы эл аралык аэропорт иштейт.

31-октябрдан тарта «Ататүрк» аэропорту кызматтык, жеке жана өкмөттүк каттамдарды гана тейлей баштайт. Кийинчерээк аба майданы толугу менен ишин токтотот.

«Ата Түрк» аэропортунан 2017-жылы 32 миллиондон ашык чет өлкөлүк жүргүнчү өткөн. Алардын 105 миңге жакыны кыргызстандыктар.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби