14:19
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Журналистке орой мамиле жасаган мэриянын кызматкери иштен алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери Рустам Бейшеналиев КТРКнын журналисти Бурулай Пусурманкуловага жасаган орой мамилеси үчүн жумуштан кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Рустам Бейшеналиев КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодексинин 5-беренесин бузгандыгы үчүн, кызматтан бошотулду.

Буга чейин «Ала-Тоо 24» телеканалынын журналисти социалдык тармакка мэрия кызматкеринин орой мамилесин көрсөткөн видеосун жарыялаган болчу. 

Эң көп окулган жаңылыктар