14:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сапар Исаков тергөөдөн качып жатат деген шек жаратпоо үчүн, Москвага барган жок

Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча ишти карап жатат.

«Мен үчүн абийир баарынан жогору турат. Тергөөнүн талабы боюнча суракка 10-15 мүнөт эрте келип аттым. Тергөөчүнүн талабы боюнча баардык документтеримди откөрүп бердим. Тергөөчү Москвада боло турган маанилүү иш-чарага барууга уруксаат берген, бирок, тергөөдөн качып жатат деген шек жаратпоо үчүн баруудан баш тарттым», — деди Сапар Исаков. 

Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча жемкорлук айыбы тагылууда.

Ал соттун чечими менен 5-октябрга чейин камакта калтырылмай болду.

Эң көп окулган жаңылыктар