20:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чолпон-Атада Өзбекстандан келген туристтерди тоногон уурулар кармалды

Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандан келген туристтерди тоногон уурулар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын 60 жаштагы Долорес Кан, 62 жаштагы Екатерина Ли жана 51 жаштагы Инна Кан аттуу жарандары тартип сакчыларына арыз менен кайрылышкан. Алар көлгө түшүүгө кетишкенде, белгисиз бирөөлөр алардын коттеджине кирип, «Samsung А5», «Samsung S4» телефондорун жана 2 iPad, 660 доллар өлчөмүндөгү акчасын уурдап кетишкенин айтышкан.

Окуяга тийиштиги бар делип 36 жаштагы Т. уулу Жыргалбек жана 22 жаштагы Ж. уулу Арген кармалды. Алар күнөөнү мойнуна алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар