«ТК Георезерв» ЖАКтын 200гө жакын жумушчусу акча каражатынын жетишсиздигинен улам иштен бошотулду. Бул тууралуу тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирди..
Маалыматка караганда, аталган фабриканын имаратынын алдында жумушчулар нааразычылык билдиришип, акыркы 5 айдын төлөнө элек маяналарын толугу менен берилишин талап кылышууда. Жумушчулардын дээрлик көпчүлүгү 1-августта иштен бошотулган.
Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин мекеменин директорунун орун басары Светлана Черемисина 17-августка чейин айлык акылары толугу менен төлөнө тургандыгын айтты.
Аталган ишкана Ак-Түздө курамында алтын бар кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен алектенет.