20:29
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Осмонбек Артыкбаевдин жана жакындарынын мүлкү камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жана жакындарынын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Осмонбек Артыкбаевге жемкорлук айыбы тагылып камакка алынган. Ал 10-октябрга чейин камакта болот.



Осмонбек Артыкбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмеси:

— «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унаа, 1992-жылы чыгарылган Б1287БИ,

— «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаа, 1992-жылы чыгарылган В0269В1,


— «Лексус-ЛХ570» үлгүсүндөгү унаа, 2013-жылы чыгарылган B6067AZ

— Бишкек шаарынын Жеңиш-12 көчөсүндө жайгашкан турак үй, код ЕНИ1011400601955;

— Бишкек шаарынын Эркиндик-58 «А» дарегиндеги имарат, код ЕНИ1020400600223;

Артыкбаева Раушан Карибаевнага тиешелүү мүлк (жубайы):

— «Лексус-GX470» үлгүсүндөгү унаа, 2007-жылы чыгарылган В3588АК;

— «Лексус-GX460» үлгүсүндөгү унаа, 2011-жылы чыгарылган B8119AZ,

— «Мерседес-Бенц-Е350» үлгүсүндөгү унаа, 2006-жылы чыгарылган Е4994В

— Аламүдүн району Ч.Айтматов-97/4 дарегинде жайгашкан жер тилкеси, код ЕНИ-7011410011149,

— Бишкек шаары, Ч.Айтматов-97/4 кв.1 дарегинде жайгашкан дүкөн, код ЕНИ-101110059048701001,

— Бишкек шаары, Киев-38 дарегинде жайгашкан имарат, код ЕНИ-1030700400191,

— Бишкек шаары, Геология-28 дарегинде жайгашкан көп батирлүү үй, код ЕНИ- 104010011002401,

— Бишкек шаары, Байтик Баатыр-57 көчөсүндө жайгашкан имарат, код ЕНИ-104010011002401006,

— Бишкек шаары, Манас көчөсү, 8-үй, 5-батир, код ЕНИ-101130013043901005;

Осмонбек Артыкбаевге тийиштүү үлүштөр;

— Бишкек шаары, Чүй-4 «А», «Ийгилик-Биримдикте» коомдук фонду,

— Бишкек шаары, Чүй-4 «А», «Ак-Фонд» коомдук фонду;

— Бишкек шаары, Эркиндик-64/5, «Petroleum К & К» кыргыз-казак ишканасы;

— Бишкек шаары, Эркиндик-58 «А», «Келечек-социалдык-экономикалык изилдөө жана иштеп чыгуу» коомдук фонду;

Жубайы Раушан Артыкбаевге тиешелүү үлүштөр;

— Бишкек шаары, Эркиндик-58 «А», «Лазурная Гавань» ЖЧК,

— Бишкек шаары, Эркиндик-58 «А», «Би Воет» ЖЧК,

— Бишкек шаары, Эркиндик-58 «А», «Бишлонд» ЖЧК.

Эң көп окулган жаңылыктар