16:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жактоочу: Осмонбек Артыкбаев тез арада ооруканага жаткырылышы керек

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев тез арада ооруканага жаткырылышы керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын тергөө абагында жаткан депутатка 2 жолу тез жардам чакырылган.

«Депутатты УКМКнын дарыгерлери текшерүүгө алгандыгы тууралуу документтер бар. 11-13-июнь күндөрү тез жардам чакырылган. Алар 3-даражадагы гипертония деген диагноз коюшкан. Дарыгерлер депутатты тез аранын ичинде ооруканага жаткырылышы керектигин айтышкан», —деди Айжан Орозакунова.

УКМК бул маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдирди.

«Тез жардам чакырылган эмес. Осмонбек Артыкбаевдин абалы туруктуу», — дешти алар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума