08:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда каттоодон өткөн болжолдуу түрдө 206 пансионат бар

Кыргызстанда болжолдуу түрдө 206 пансионат каттоодон өткөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында мамлекеттик экотехинспекциясынын суу ресурстарын жана объектилерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Сейдахмат Артыкбаев билдирди.

Айтымында, өлкө боюнча жеке секторду кошкондо 366 пансионат бар.

Маалыматка караганда, аталган инспекция тарабынан жаз айларынан тартып коопсуздук маселелери боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Анда кызматкерлер жергиликтүү калк менен жолугушуп, суудагы коопсуздук чаралары тууралуу маалымат беришет.

Эң көп окулган жаңылыктар