02:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат Ысык-Көлдөгү пансионаттарда эл толуп турса дагы киреше жоктугуна нааразы

Депутат Кожобек Рыспаев Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонддун жетекчисине Ысык-Көлдөгү пансионаттарга эл толуп калса дагы, эмне үчүн киреше жоктугун сурады. Бул тууралуу депутат КСДПнын отурумунда айтты.

Фонддун башчысы Ренат Түлөбердиевдин айтымында, улутташтырылган өзбек пансионаттарынын болгону 2өө таза киреше берет, бир пансионат чыгашага иштеп жатат.

Кожобек Рыспаев пансионаттардын абалын жакшыртуу керек деди. «Ал жакта ремонт болгон эмес, бирок баарыбыз эле канча киши эс алып жатканын билебиз. Бош орун эч убакта болбойт. Ал эми кирешени аз гана көрсөтүп коюшат. Киреше алып келип жаткан компанияны эмнеге сатыш керек? Чыгаша алып келгенин саткыла», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар