20:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар уюштурулмакчы

Ош шаарында август айынын ар ишембисинде эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда 4-11-18-25-август күндөрү шаардагы эс алуу бактарында, Ош шаардык маданият башкармалыгы, шаардагы музыкалык мектептер, балдардын чыгармачылык борборлору, театр кызматкерлери тарабынан концерттик оюн-зоок программалар көрсөтүлөт. Ошондой эле спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Майрамдык иш-чаралар «Алымбек Датка» этнографиялык борборунда, «Ата Түрк» сейил багында, «И.Раззаков» атындагы сейил бакта, «Жайкы сахна» подиумунда уюштурулмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума