18:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстан жеке мектептерди ачууга кызыктар

Өзбекстан Элдик билим берүү министрлиги өлкөдө жалпы билим берүүчү жеке мектептерди ачуу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду чакырууда.

Жеке мектептерде окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана маалымат технологияларына, так илимдерге жана чет тилдерге басым жасоо сунушталууда.

Өзбекстан Элдик билим берүү министрлиги жеке мектептер үчүн инвестиция жумшоого жана инвесторлорду коргоого багытталган нормативдик-укуктук актлардын долбоорун даярдоодо.

«Жеке мектептер секторундагы көп түрдүүлүк жана атаандаштык билим берүү системасына позитивдүү таасир берет деп ишенебиз. Эл аралык мектептерди жогорку сапаттагы билим берүүгө багытталган бардык бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга чакырабыз», —деди элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума