11:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түркмөнстанда дары-дармектер тартыш болуп, кайрадан кымбаттады

Түркмөнстанда дары-дармектер тартыш болуп, кайрадан кымбаттады. «Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдагандай, бир жолу колдонулуучу шприцтер жана башка медициналык каражаттардын баасы көтөрүлдү. Мамлекеттик дарыканаларда баалар бир аз төмөн, бирок дары-дармектердин түрлөрү чектелүү.

Чет өлкөдөн келген препараттар менен бирге жергиликтүү фармакологиялык ишканалардын өнүмдөрүнүн наркы дагы өстү.

Буга чейин дары-дармектердин баасы быйыл май айында жогорулаган. Түркмөнстандын түндүгүндө алардын наркы үч эсеге чейин кымбаттаган.

Көз карандысыз байкоочулар Түркмөнстанда баалардын өсүшүн доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырышууда. Ошол эле маалда чет өлкөлүк валютанын расмий курсу өзгөргөн жок — 1 АКШ доллары 3,5 манат бойдон турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума