USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкекте жоголгон буюмдар топтолуучу жай ачылды

09:55, 21 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылышат. 

«Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп алсаңыз же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, департаментке кайрылып, издөөнү бир топ жеңилдеткен өтүнүч калтыруу жетиштүү болот», — дейт мэрия. 

Кайрылуу үчүн: 7-Апрель, 4а же WhatsApp номери: 0 (559) 69-69-48.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика