14:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ысык-Көлдө жыл башынан бери 250гө жакын кылмыш иштеринин бети ачылган

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 250гө жакын кылмыш иштеринин бети ачылган. Бул тууралуу ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо боюнча 145, мал уурдоо боюнча 16, тоноочулук боюнча 12, киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча 1, зордуктоо боюнча 3, опузалап коркутуу боюнча 2, транспортту мыйзамсыз түрдө ээлеп алуу боюнча 2 фактынын бети ачылган.

Мындан башка баңгизатка байланышкан 29 кылмыш иши аныкталды. Издөөдө жүргөн 39 кылмышкер кармалып, дайынсыз жоголгон 11 адамга издөө жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума