18:52
USD 69.25
EUR 81.03
RUB 1.03

Президент менен жолугушуу. Чолпон Жакупованы иштөө жөндөмдүүлүгү таң калтырды

Бүгүн жарандык сектордун өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Анда эмнелер тууралуу кеп болгонун «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова «24.kg» агенттигине айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, катышуучулар өздөрү тушугуп жаткан көйгөйлөр туурасында маселе көтөрүштү.

«Талкуу чөйрөсү кенен болду. Сооронбай Жээнбеков ар бир суроого жооп бергенге аракет кылды. Анын иштөө жөндөмдүүлүгү таң калтырды. Ал баары менен байланышып, иштөөгө даяр экен. Жолугушуу 4 саатка созулду. Президент мындай иш чаралар тез-тезден өтүп тураарын кошумчалады», — деди Чолпон Жакупова.

Эң көп окулган жаңылыктар