12:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ош-Бишкек жолун куруп жаткан Кытай компаниясын тоногондор аныкталды

Ош-Бишкек альтернативдик жолун куруп жаткан Кытай компаниясын тоногондор аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  15-июлда Тогуз-Торо районунун, Көк-Ирим айыл аймагына караштуу болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 303-чакырымында, «Чайна-Роуд» компаниясынын АБЗ базасындагы жумушчу болуп иштеген кытай жараны  жолдун четиндеги битум ээритип туруучу печкага көмүр жагып иштеп жаткан.

Ошол убакта капыстан Казарман айылы тараптан Мерседес Бенс Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа менен азиат улутундагы болжол менен 30-35 жаштардагы бир нече адамдар келишкен. Анын ичинен экөөсү жумушчунун колун кайрып күч колдонуп, базадагы 200 литрлик 3 бачок жана 20 литрлик 25 конистр солярканы Спринтерге жүктөп качып кетишкен.

Натыйжада Кытай жараны денесинен жаракат алып, Тогуз-Торо райондук ооруканага кайрылган. Ал эми компанияга 50 000 сомдун тегерегинде зыян келтирген.

Окуяга шектүү делип Тогуз-Торо районунун 4 жараны, арасында айылдык кеңештин депутаты кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар