10:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандын калкынын дээрлик жарымы эмгек мигранттарынан көз каранды

Кыргызстандын калкынын дээрлик жарымы эмгек мигранттарынан көз каранды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өткөн тегерек столдо «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, миграция кызматынын маалыматына таянсак, 800 миңден ашуун кыргыз жараны чет өлкөдө эмгектенишет. Расмий эмес маалыматка ылайык, миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт.

«Айрым аткаминерлер инвестиция тартуу керек деп дайым айтып келишет. Бирок, алар биздин өлкөгө келүүгө шашпаган, ойдон чыгарылган чет элдик инвесторлорду айтып жатышат. Ошол эле маалда инвестициялар күн сайын келүүдө. Инвесторлор- булар эмгек мигранттары. Аларды биздин өлкөнүн кооздугун айтып үгүттөөнүн кереги жок. Аларга шарт түзүп берсе, инвестиция кылууга даяр», —деди Жеңиш Молдокматов.

Эң көп окулган жаңылыктар