20:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Муфтият садака-битирден түшкөн акчадан элге жардам көрсөтүүдө

Муфтият Бишкек шаарындагы карылар үйүнө 2018-жылдагы садака-битирден 50 миң сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Андан тышкары, садака-фитирдин эсебинен 77 миң 854 сом Ош облусунун Чоң-Алай районунда жардамга муктаж жарандарга таркатылды.

«Атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда жарандардын социалдык абалына жараша критерий менен каралып, үй-бүлөлүк абалы оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз бой, жетим-жесир адамдарга акчалай жардамдар берилди. Мындан сырткары Чоң-Алай району боюнча бардык 55 мечитте 2018-жылдагы садака-фитирден түшкөн акчалай жардамдарды таратуу иштери жүргүзүлдү», — дейт муфтият.

Буга чейин муфтият Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 65 миң 500 сомду бөлүп берген. Ош облусунун Кара-Суу районунун борбордук «Достук» мечитинде Кара-Суу райондук хатибияты дагы 210 үй-бүлөнүн ар бирине 1500 сом өлчөмүндө жалпысы 315 000 сом акчалай жардам тапшырган.

Эскерте кетсек, садака-фитир орозо айында ар бир үй-бүлө мүчөсүнө эсептелип берилет. Муфтияттын бюджети ушул садака-фитирден топтолгон каражаттан түзүлөт. Быйыл садака-фитир  30 сом болуп аныкталган. 

Эң көп окулган жаңылыктар