2011-жылдан бери медицина кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлгөн эмес. Учурда биз маянаны көтөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында айтты.
Ал Кара-Буура районундагы Аманбаев айылдык аймагынын ооруканасын барып көрдү.
Маалыматка караганда, аталган оорукана 4 жыл ичинде курулуп бүттү. Ага 65,6 миллион сом коротулган. Президент 2 кабаттуу оорукананы карап чыгып, башкы дарыгер Алтынбек Бокоевге 300 000 сомдук сертификат ыйгарды.