04:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чүй облусунда 15 жаштагы кыз изделип жатат

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБсы 2003-жылы туулган Айназик Жыргалбекованы издөөдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, издөөдө турган кыз ушул жылдын 9-июлунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Айназик Жыргалбекованын өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачтары тармал, көзү күрөң түстө. Жоголгон күнү кара майка, ак трико, ак кроссовка кийип жүргөн. Милиция кыздын дарегин билгендер болсо төмөнкү номурларга маалымат берүүнү суранат.

0312363527, 0700675556, 0700209666, 0550510905, 102.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума