11-июлда саат 21:34тө Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен. Жердин силкинүүсү Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3,5 балл, Токтогул шаары жана Торкент айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 баллга жеткен.
Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.