07:06
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвада кыргызстандык жарандарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Москва шаарында кыргызстандык жарандарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү билдиргендей, ушул жылдын башынан бери Москва шаарында уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин атын жамынган белгисиз кишилер Орусияда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кыргыз мигранттарын коркутуп, акча талап кылып жүрүшкөн.

Жабырлануучулар алгач арыздануудан баш тартышкан. Бирок, сүйлөшүүлөрдөн кийин алар укук коргоо органдарына кайрылууга макул болушкан.

Ыкчам издөө иш чарасынын жыйынтыгында аталган окуяларга тийиштиги бар кыргызстандык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума