Москванын Таганский районунда полиция кыргызстандык 30га жакын жаранды эч себепсиз кармап алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мигранттардын юристи Валентина Чупик билдирди.
Маалыматка караганда, юристке арыз менен 7 киши кайрылган.
«ИИМдин бөлүмүндө болжол менен 30 киши турат. Полиция кармоо себептерин түшүндүрө элек. Аларды кыргыз болгону үчүн кармашкан», —деди Валентина Чупик.
Ал кошумчалагандай, мигранттарды мыйзамсыз кармоо тез-тезден кайталанып турат.
Бул иш боюнча Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен 30 кыргызстандык эмне себептен кармалгандыгы тууралуу айтып беришти. Маалым болгондой, кыргызстандыктар документтерди текшерүүгө байланыштуу кармалышкан.