08:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азимбек Бекназаров: Молдомуса Конгантиевдин апрель окуяларында күнөөсү бар

ИИМдин мурунку башчысы Молдомуса Конгантиев соттун чечими боюнча гана акталышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. 

Анын айтымында, ИИМдин мурунку жетекчисине карата козголгон кылмыш ишинин токтотулушу моралдык жана укуктук нормаларга жооп бербейт.

Мен 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуядан кийин козголгон кылмыш иштеринде жетекчилик кылгам. Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши анын ден соолугуна байланыштуу токтотулган болчу. Бирок, ишти сотко чейин жеткириш керек эле, сот гана анын күнөөлү же күнөөсүз экендигин айта алат

Азимбек Бекназаров

Мурунку башкы прокурордун пикиринде, Молдомуса Конгантиевдин апрель окуяларында күнөөсү бар.

Ооба, Молдомуса Конгантиев 7-апрелде эс-учун жоготуп жаткан. Ал 6-апрелде оор абалда Бишкекке алынып келинген. Биз аны алгач ИИМдин ооруканасына жаткырганбыз, кийинчерээк Москвага дарыланганы жөнөткөнбүз. Бирок, Федералдык коопсуздук кызматы аны артка кайтарган. ИИМдин мурунку жетекчисинин ден соолугуна кооптонуп биз аны кайра Москвага жибергенбиз. Конгантиев жоопкерчиликке тартылышы керек

Азимбек Бекназаров

Эске салсак, мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулганын «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген. Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу милициянын генералы кылмыштын курамында болбогондугу менен түшүндүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар