USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Эки жүз сөз жетет. Азимбек Бекназаров кантип элчи болуп иштей турганын айтты

15:17, 17 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды.

Болочоктогу элчи журналисттерге Малайзияда кандай иштей тургандыгын айтып берди. ЖМК өкүлдөрү Азимбек Бекназаровго чет тилдерин билбей тургандыгын эскертишти.

«Тил- маанилүү эмес, эң башкысы- мамлекеттик тилди билүү. Кеп өз тилиңди канчалык сүйгөндүгүңдө», — деди Азимбек Бекназаров.

Ал дипломатиялык кызмат үчүн 200-300 малай сөзүн жаттап алуу колунан келе турганын кошумчалады.

200-200 сөздү 3-5-класстын окуучулары дагы жаттай алышат. Бир ай ичинде бир канча малай сөздөрүн жаттап алуу кыйынга турбайт.

Азимбек Бекназаров

Белгилей кетсек, буга чейин саясатчы президент Сооронбай Жээнбеков менен элдик курултайдын талабы менен гана жолугушуп жатканын айтып, кандайдыр бир кызматка дайындалышын четке каккан.

Бул жылы анын улуу баласы Руслан мамлекет башчысынын аппаратынын эксперти болуп ишке орношсо, башка уулу Эрнист Стамбулда консулдук кызматка ишке орношууга аракет кылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика