20:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчисинин ордуна талапкер болууда

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин ордуна талапкер болууда. Анын талапкерлигин бекитүү үчүн документтер эл аралык иштер боюнча парламенттик комитетке келип түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкердин документтери жакынкы отурумда каралат.

Азимбек Бекназаров өзү бул маалымат тууралуу түшүндүрмө бере элек. Буга чейин ал элчи болуу ниети жок экенин билдирген.

Белгилей кетсек, мурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде чыр чыккан. Мурунку элчи Кылычбек Султан дипломатиялык элчиликте жемкорлуктар тууралуу билдирүү жасаган. Коопсуздук кеңеши болсо Кылычбек Султандын өзүн айыптап чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар