08:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азимбек Бекназаров Тергөө башкармалыгына барып сурак бергени тууралуу

Ички иштер министрлиги саясатчы Азимбек Бекназаровдон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен акыркы жолу качан жолукканына кызыкты. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Кечээ Тергөө башкармалыгына барып сурак берип келдим. Күбө катары деп чакырышты. Мен «Окуяга катышпасам, көрбөсөм, эмнеге күбө болом?» дедим. Берген суроолоруна жооп бердим», -деген ал.

Азимбек Бекназаров ИИМдин Тергөө башкармалыгында эки сааттан ашык убакыт болгонун айтты.

ИИМден бул тууралуу расмий маалымат азырынча бериле элек.

Эң көп окулган жаңылыктар