23:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Молдомуса Конгантиевдин актоочу өкүмү күчүндө калды

Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин актоочу өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди. 

Анын айтымында, биринчи инстанциянын чечимин бүгүн Бишкек шаардык соту колдоду.

Эскерте кетсек, 2010-жылы ИИМди жетектеген Молдомуса Конгантиев 5-июль күнү акталган. Прокуратура аны айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салууну талап кылган. ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.

Биринчи май райондук соту Молдомуса Конгантиевге карата актоочу өкүм чыгарган болчу.

 
Эң көп окулган жаңылыктар