08:55
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Май куюучу жайдагы өрт. Аскарбек Шадиевдин апасынын ысымы аталууда

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы май куюучу жайдан чыккан өрттүн себептери такталууда. Болжолдуу маалыматка караганда, кырсыктын келип чыгышына станциянын жанында жайгашкан кампадан чыккан өрт себеп болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, адегенде кампадан өрт чыгып, кийин май куюучу станцияга жайылган.

Кампанын ээси качып кеткен депутат Аскарбек Шадиевдин апасы Айсана Шадиева экени айтылууда.

Эске салсак, өрттүн кесепетинен 4 киши жабыркады.

Эң көп окулган жаңылыктар