Ысык-Көлдүн курортторунда баалар Анталиядагы пансионаттардыкынан дагы кымбат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын жайкы туристтик сезонду өткөрүү маселелери боюнча кеңешмеде айтып чыкты.
Анын айтымында, мындай баалар баарынын эле чөнтөгүнө чак келе бербейт.
«Алсак, «Витязь» пансионатында 1 сутка эс алуу — 6 миң сом, «Кыргызское взморье» — 5 миң, «Дилором» — 5-7 миң, «Алтын Жээк» — 6 миң сомду түзөт. Жакында эле бир пансионатка барсам, ал жактагы эмеректер менен килемдер 1950-жылдарга таандык экен», -деди премьер-министр.
Ал кошумчалагандай, баалар кымбат болгону менен эс алуучуларды тейлөөнү профессионалдуу уюштуруу жөнгө салынган эмес.