17:38
USD 69.85
EUR 79.72
RUB 1.05

Кыргызстанга келип каза болгон альпинисттер. Өлкө атайын адистерге муктаж

Туризмди өнүктүрүүдө маршруттардын иштелип чыкпагандыгы, аларга карата карталардын чийилбегендиги, тоо гиддеринин жоктугу, булар менен катар туристтер кырсыктаган учурларда аларга жардам берүүчү атайын адистердин, куткаруучулардын жоктугу — туристтердин биздин өлкөгө келишин басаңдатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын жайкы туристтик сезонду өткөрүү маселелери боюнча кеңешмеде билдирди.

Ал айтылгандарга карата 2007-жылы 4 альпинисттин өлүшү, чехиялык, украиналык альпинисттердин дайынсыз жоголушу (2008), ирандык жана польшалык альпинистттердин өлүшү, 4 орусиялык альпинисттин Куйлу ашуусунан адашып кетүүсү (2008), Ала-Арчадагы литвалык альпинисттин өлүмү (2018), украиналык альпинисттин өлүмү (2017) тууралуу мисалдарды келтирди.

Өкмөт башчысынын пикиринде, экологиялык туризм жаатында жергиликтүү органдар жана туристтик уюмдар тарабынан жаратылыш парктарында туристтерге ылайыктуу шарттардын түзүлүшүнө, алардын акыбалдарына көңүл бурулбай жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар