00:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстан туристтерди тартуу боюнча 115-орунда турат

Дүйнөдөгү 136 өлкөнүн ичинен Кыргызстан туристтерди тартуу боюнча 115-орунду ээледи. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын жайкы туристтик сезонду өткөрүү маселелери боюнча кеңешмеде айтты.

«Бул көрсөткүч коңшу өлкөлөрдөн кыйла артта калгандыгыбызды көрсөтүп турат: Орусия— 43-орунда, Казакстан — 81-орунда, Тажикстан 107-орунда турат», -деди өкмөт башчы.

Ал өлкө аймактарында жергиликтүү тургундардын туристтерге карата аң-сезимин өстүрүү, калыптандыруу багытында бир да конкреттүү иштер көрүнбөйт деп сындады.

Туристтик жайлардагы, айрыкча пансионаттардагы тазалоочу курулмалардын начар абалы, өрт коопсуздугунун эрежелери, санитардык нормалардын сакталбагандыгы белгилүү. Мындай маселелер туристтик сезонду гана күтүп отурбастан, жыл бою даяр турушу керек эмеспи деген суроо туулат! Алыс барбай эле коёлу, Экотехинспекция тарабынан 2018-жылдын 6-июнуна чейин 10 пансионатка иштөөгө уруксат берген эмес. Көлдөгү 193 эс алуу зонасынын ичинен 111нин гана тазалоочу курулмалары иштейт, калгандары бул маселени кантип, кандай жол менен чечип жаткандыгы белгисиз?!

Мухаммедкалый Абылгазиев

Эң көп окулган жаңылыктар