23:22
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Орусияга иш издеп келген мигранттар жашаган жери боюнча гана каттоого турушат

Орусия эмгек мигранттары үчүн эрежелерди күчөттү. Бул тууралуу Орусиянын федералдык миграция кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындан кийин Орусияга иш издеп келген чет өлкөлүктөр жашаган жери боюнча гана каттоого тура алышат. Буга чейин жумуш берүүчү тарап келген мигранттарды мекемелердин юридикалык даректери боюнча каттоого тургузууга укугу бар болчу.

Жаңы эрежелер Кыргызстандын жарандарына дагы тиешелүү. Эгерде мигрант курулуш жүрүп жаткан жердеги вагондо жашап жатса, анда вагондо жашайт деп катталышы керек. Москва шаары жана Москва облусундагы батир ээлери чет өлкөлүктөрдү убактылуу каттата алышпайт.

Эске салсак, миграция мыйзамын бузгандарга административдик жаза колдонулат. Ал тургай депортация чаралары көрүлөт.

Орусиянын аймагында 650 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет. Анын 70 миңден ашууну кара тизмеге киргендер.

Эң көп окулган жаңылыктар