18:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусияда кыргызстандык 35 жаранды мыйзамсыз кармап иштетип келишкен

Орусиянын Москва облусунда кыргызстандыктарды мыйзамсыз кармап, мажбурлап иштетип келишкен. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, элчиликке кыргызстандык Бактыбек Койчубаев арыз менен кайрылып, жумуш берүүчүлөр алдап паспортторун алып алышып, 35 жаранды алдамчылык жолу менен иштетишкенин айткан. Аларды Москва облусундагы Большевик кыштагында кармап келишкен.

Элчиликтин кызматкерлери менен миграция боюнча кызматы окуя болгон жерге барып, жакындан таанышып келишти. «Экоклининг» компаниясынын каттоосунда турушкан кыргызстандыктардын документи жок экендиги жана санитардык талапка жооп бербеген шарттарда жашап жүргөндөрү аныкталды.

Сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн бир саат өтпөй, жумушчуларга паспорттору кайтарылып берилди. Ошондой эле, компаниянын жетекчилиги 48 сааттын ичинде мурун иштеген эмгектери үчүн маяналарын толугу менен төлөп бере турган болду.

Эң көп окулган жаңылыктар